Коомчулукта жеке автомектептердин тегерегиндеги талкуулар кеңири кулачын жайып, социалдык түйүндөрдө кызыл-чеке болгон дискуссиялар уланууда. Алтургай, Жогорку Кеңеште дагы эл өкүлдөрү тарабынан бул маселе көтөрүлүп, жаңы эреженин негизинде айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн 10 ай окуу керектигине каршы пикирин билдиргендер чыкты. Ошондой эле күн сайын катталып жаткан кырсыкты азайтуу үчүн айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү зарылчылыгын айтып, теориялык билимдин сапаттуу берилиши керектигин билдиргендер да арбын болууда.
Баарыбыз байкагандай, автомектептер жана айдоочулук күбөлүктү берүү жаатында чоң реформа башталууда. Эч кимге жашыруун эмес, эгемендик алгандан берки башаламан учурда айдоочулук күбөлүктөр көз көрүнөө эле сатылып калган. Бүгүн колунда күбөлүгү барлардын дээрлик көпчүлүгү айдоочулук күбөлүктү сатып алган десек жаңылышпайбыз. Ошондуктан жол эрежелерин билбейт, айдоочулук маданият дегенден түшүнүгү да жок. Кечээ жакында жөнөкөй гана жол талаштан бир адамдын өмүрү кыйылды, бул так ошол айдоочулук маданиятты билбегендиктин айынан болду. Ал эми жол кырсыгынан каза болгондорду айтсак, жүрөк титирейт. Өткөн аптада Жол кайгуул кызматы маалымат таратып, былтыркы жылы жол кырсыгынан 900 адам каза тапканын билдирди. 2024-жылга салыштырмалуу 157 адамга көп экен. Бул биз үчүн чоң трагедия. Ар бир кырсыктын артында сынган тагдыр, ыйлаган ата-эне, жетим калган бала турат. Биз алакандай эл экенибизге карабай, жол кырсыктарында согуштагыдай кыргынга учурап жатабыз. Мисалы, 2014-жылдан 2020-жылга чейин авто кырсыктан каза болгондордун саны 6159 адамды түзүптүр. 2021-жылдан 2025-жылдын аягына чейин 3818 адам көз жумган. Жаракат алгандардын саны 11 жылда 121 896 адам болгон. Анын бир канчасы ар кандай даражадагы майып болду, кээ бири арабага байланып, таптакыр баса албай калды. Мунун алдын алып, келечек муундун камын азыртадан көрүп, тармакты иретке келтирбесе болбой калган учурга жеттик. Буга мамлекеттик масштабда көңүл бурбаса, саздан чыга албай турган абалга кептелгенбиз.
2020-жылдагы элдик толкундоодон кийинки бийликтин алмашуусу, Садыр Жапаровдун “эки тизгин бир чылбырды” колго алуусу бул тармакка да жан киргизип, айдоочулук күбөлүктөрдү сатуудагы коррупцияны талкалады. 2022-жылдан тарта күбөлүктү сатып алуу деген түшкө да кирбей калды. Бирок, айдоочуларды даярдоодогу өксүктөр жоюлбай, бүгүнкү күнгө чейин теориялык билим берүү жаатында алешемдиктер орун алып келди. Анткени, баары жеке автомектептер болгондуктан мурдатан калыптанып калган түшүнүктөн чыга албай койду. Тактап айтканда, айдоочулардын эрежени билүү, техниканы өздөштүрүү жана айдоо маданиятын көтөрүүдөгү билим берүү жагы чабал болуп, талапка жооп бере албай калды. Демек, коррупциянын тамырын биротоло кыркып, баштаган реформаны аягына чыгарыш үчүн кандайдыр бир кадамдарды жасоо зарыл болду.
Ал кадамдар эки, үч жылдан бери карай ырааты менен жасалууда. 2023-жылы Президенттин жарлыгы менен “Унаа” мамлекеттик мекемеси өз алдынча агенттик болуп түзүлүп, иш алып баруу ыкмасы толугу менен өзгөртүлгөн. Ошондой эле агенттиктин Бишкек, Ош шаарларында жана 40 райондо өзүнүн автомектептери ачылып, унаанын түрлөрүн башкарууну окутуп үйрөтмөй болгон.
Өткөн жылы Элдик Курултайда Президент Садыр Жапаров жолдогу кырсыктар мамлекеттик көйгөйгө айланганын айтып, автомектептердин ишине көзөмөл күчөтүлөрүн эскерткен.
“Биз жол кырсыктары аркылуу согуштагыдай эле жарандарыбызды жоготуп жатабыз. Ачуу чындыкты айтсам: өлкөбүздөгү жол кырсыктарынын саны мамлекеттик денгээлдеги проблемага айланды. Анын себептери белгилүү. Көптөгөн жылдар бою айдоочулук күбөлүктөр акчага сатылып келген. Бүгүн ошол коррупциялык, тааныш-билиштик каталардын кесепетин көрүүдөбүз. Мындан ары мындай болбойт. Келерки жылдан тарта айдоочуларды окутуунун жаңы стандарттары киргизилет, авто-мектептердин ишине көзөмөл күчөтүлөт, сынактар так, катаал жана ачык болуп, күбөлүк берүү процесси толугу менен санариптик тартипте өтөт. Рулга эрежени билген, адам өмүрүнө урмат менен караган, жоопкерчилигин түшүнгөн жаран гана отурушу керек. Адамдын өмүрү – мамлекеттин эң жогорку баалуулугу. Биз аны бардык күч менен коргойбуз” деген Президент.
Айдоочулук жөн гана руль кармоо эмес, бул чоң жоопкерчилик.
Өзүбүз күбө болгондой бийлик өкүлдөрү өлкөбүздөгү жол кырсыктарынын санын азайтуу үчүн колдон келген аракеттерди жасап, кандай кадамдар жасаларын акыркы 3-4 жылдан бери какшап айтып келе жатат. Тагыраагы, эскертпей туруп эч бир иш жасаган жок. Баарыбыз угуп, көрүп турдук. Анан эле жакында айрым жеке автомектептердин ээлери унаа каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүүчү мамлекеттик органдын босогосунда чуу көтөрүп, “Бизге эч ким эскерткен эмес”, “Лицензиябыз токтотулду” деген дооматтарды айтышты. Көрсө, өткөн жылы ноябрь айында дагы бардык жеке автомектептердин жетекчилери «Ынтымак Ордого» чакыртылып, бул багытта жүргүзүлө турган реформалар тууралуу алдын ала так жана ачык эскертилген экен. Демек, бүгүн “уккан эмеспиз” деген доомат суу кечпей калыптыр десек туура болчудай.
Биз ушул жерден бир нерсени ачык айтышыбыз керек, жеке автомектептер кандай окутуп келгенин жакшы билебиз. Айдоочулук күбөлүктү оңду-солду ушулар сатып келди да. Аны эч кимибиз жалган дей албайбыз. Бүгүн ошонун кесепетин бүтүндөй коом, жалпы журтубуз сезип жатат. Жүздөгөн адамдарыбыздын өмүрү кыйылып, миңдеген мекендештерибиз майып болгондугунун бирден бир себеби – сатылган айдоочулук күбөлүктөрдө турат. Муну эми кимден жашырабыз. Так азыркы маалда ошолор окуткан курсанттар теориялык сынактардан өтө албай, кулап жатканы ага далил. Маселен, азыр көпчүлүк айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин элементардык деңгээлде да билишпейт. Айрымдары жол белгилерин тааныбайт, артыкчылык кимде экенин түшүнбөйт. Чын-чынында айдоочулук жөн гана руль кармоо эмес, бул чоң жоопкерчилик. Биз унаа башкарганда өз өмүрүбүз үчүн гана эмес, жолдогу ар бир адам үчүн жооп беребиз. Муну ар бир айдоочу сезип, биле турган деңгээлге жеткиришибиз керек. Ошондой теориялык билимди беришибиз зарыл.
Ооба, биз бардык жеке автомектептерди же бардык мугалимдерди жаман дей албайбыз. Арасында чындап эле ишине жан-дили менен берилген, айдоочулук маданиятты, жоопкерчиликти үйрөткөн татыктуу адистер бар. Алар эч качан четте калбайт. Реформалар бирөөгө жагынуу үчүн эмес, системаны өзгөртүү үчүн жасалат. Ошого катар ар бир реформа тоскоолдуксуз ишке ашпайт, сөзсүз бут тосуулар болот. Коррупциялык кормушкасынан айрылгандар ыркырап-чыркырагандар чыгат. Баарыбыз билип турабыз, айдоочууларды даярдоону бизнеске айлантып, күбөлүк сатуу менен акча жасагандарга жакпайт. Алар түрдүү кадамдарга барып, чагымчыл маалыматтарды таратып, коомду удургутуу аракетин көрөрү бышык. Албетте, андайларга маани берүүнүн зарылчылыгы жок. Азыркы реформанын алкагында унааны башкарууну эле эмес, айдоонун маданиятын, жолдогу сабырдуулукту, унаа тууралуу түшүнүктү бере турган система орногону турат. Жыйынтыгын күтөлү.
Президент Садыр Жапаров дагы кечээ маек берип, 2026-жылдан кийин жеке мектептерге лицензиялар токтотуларын, бул тармакты реформа кылыш керектиги айтылганын белгиледи. Жеке автомектептердин басымдуу бөлүгү айдоочуну сапаттуу даярдоого кызыкдар болгон эместигин билдирип, алардын негизги максаты акча табуу болгонун да ачык айтты. Ал эми азыркы мамлекеттик авто мектептерде толук шарт бар.
“Мамлекеттик автомектептерде керектүү шарттар түзүлдү. Заманбап окуу базасы, жаңыланган техника, квалификациялуу адистер болот. Окуу китептерин дагы өзүбүз басып чыгарып жатабыз. Айдоочулар жөн гана рулду башкарууну эмес, унаанын тетиктеринен тартып, техникалык түшүнүккө, жол эрежелерине жана эң негизгиси – жолдо жүрүү маданиятына чейин толук даярдыктан өтөт. Бул жерде киреше эмес, адам өмүрү биринчи орунда турат. Мамлекет үчүн эң башкысы – жарандардын коопсуздугу” деди Мамлекет башчысы.
Коомдук активист Тимур Саралаев:
— Ачык айтканда айдоочулардын маданияты бүгүн чындап эле нөл да. Жол чырак жашыл күйгөнү бир секунд өтпөй “сигнал” басышат. Кымбат же чоң машина болсо жөөлөйт. Ылдамдыктын чегинде баратсаң арттан жармашып алып жарыгын күйгүзүп-өчүрүп жол бошотууну талап кылат. Эскертсең сөгөт. Жооп берсең жакалап, сабоого чейин барышат. Бул айрым адамдардын эмес, системдүү проблеманын көрүнүшү болуп калды. Анын тамыры жылдап жеке автомектептерде калыптанган коррупциялык окутууда, айдоочулук күбөлүктү билимсиз эле алып чыккан системдүү кризисте турат. Азыр айрым автомектептердин чурулдап жатканы да ошондон, алар элдин коопсуздугун эмес, көп жылдан бери иштеп келген “кормушкадан” айрылгысы келбей жатышат. Ошондуктан, бул реформалар кимдир бирөөгө каршы эмес, тартип орнотуу жана адам өмүрүн сактоо үчүн жасалып жаткан зарыл кадам.
Кылычбек Кудайбергенов

