Жоламан Шаршенбеков: «Чемпион болсом сальто жасайм дегем»
Грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Жоламан Шаршенбеков мелдештин финалында алтын уткандан кийин сальто жасаганы тууралуу айтып берди.
“Артка айланып секиргенди жакшы көрөм. Кичинекей кезимден сальтого жакынмын. Чемпион болсом сальто жасайм деп, көптөн бери ойлонуп жүргөн оюм ишке ашты”, — дейт балбан.
Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатында Жоламан Шаршенбеков алтын медаль уткан.