ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн жүрөт
Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров «Маралга» берген маегинде билдирди. Эске салсак, былтыр да пандемия шартында ЖОЖдорго кабыл алуу онлайн жүргөн. «Быйылкы жылдын артыкчылыгы платформа модификацияланды. Окуу жайга тапшыруучулардын арасында спортсмендер, олимпиада жеңүүчүлөрү, же ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер болсо, «Түндүк» системасы аркылуу алардын документтери автоматтык түрдө верификация болот»,-деген Нурлан Өмүров . Ал эми абитуриенттер үйдөн чыкпай туруп жогорку окуу жайларга документтерин тапшыра алышат.