ЖРТ үчүн кошумча курстарга баруу зарылбы? Депутаттар маселе көтөрдү

27-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 121

Бүгүн, 27-ноябрда, Жогорку Кеңештин «Эл үмүтү – Ата Журт» депутаттык тобунун жыйынында жалпы республикалык тестирлөөнү (ЖРТ) уюштуруу жана өткөрүү маселеси каралды.

Анда Агартуу министрлигинин жана Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлдөрү тестирлөөнүн жүрүшү жана аны жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти.

Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекованын маалыматына караганда, быйыл мектепти 80 миң 819 окуучу аяктап, алардын 69 миң 467си ЖРТ тапшырган. Ал эми ББОУБдун директору Чынара Батракеева бүтүрүүчүлөр тестирлөөнү эки жолу тапшырууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

Жыйында депутаттар ЖРТнын тапшырмалары мектеп программасына шайкеш келиши, тестирлөөнүн баасы, аймактардагы бүтүрүүчүлөр үчүн тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана тестти санариптештирүү маселелерин көтөрүштү.Возможно, это изображение один или несколько человек, отдел новостей, помост и текст

Ошондой эле мектеп программасы менен тесттик тапшырмалардын ортосунда айырмачылыктар бар деген пикирлер айтылып, ата-энелер балдарын кошумча даярдоо курстарына берүүгө аргасыз болуп жатканы белгиленди. Депутаттар ЖРТнын кыргыз тилиндеги тапшырмаларынын татаалдыгына, мугалимдердин даярдоо иштерине катышуусуна жана тестирлөөнүн жыйынтыктарын бардык жогорку окуу жайларынын таануусуна байланыштуу суроолорду беришти.

ББОУБдун маалыматына ылайык, борбордо 17 кызматкер эмгектенет. Тесттик тапшырмаларды түзүүгө ар кандай предметтер боюнча 300дөн ашык адис тартылат. Ал эми өтүү босогосуна жетүү үчүн 10 балл жетпей калган бүтүрүүчүлөрдүн саны 3 миң 744тү түзгөн.Возможно, это изображение учеба и текст

Жыйындын соңунда депутаттык топтун жетекчиси Дастанбек Жумабеков ЖРТнын тапшырмалары мектеп программасына ылайык түзүлөрүн ата-энелерге жана окуучуларга түшүндүрүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүү үчүн биринчи кезекте мектептен сапаттуу билим алуу маанилүү.

27-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 121
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X