ЖРТда көйгөй бар
Депутат Марлен Маматалиев жетим балдар үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн босого баллын төмөндөтүүнү сунуштады. «Жетим балдар 18 жашка толгондо 500 миң сомдон же турак жайга, же окуусуна берилет. Бирок ЖРТда көйгөй бар. Билим берүү министрлигинин буйругу менен босого балл 110 баллды түзөт. Билим берүү министрлиги жетим балдарга ЖРТга даярданууга жардам бериши керек же мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн босого баллды түшүргөндөй эле төмөндөтүшү керек. Баллды 100гө чейин кыскартуу керек»,-деди эл өкүлү.