"Эркин-Тоо"

Журналист Адилет Балтабай милиция тарабынан камакка алынды

Социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ысым менен белгилүү болгон блогер, Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы Бишкектин Биринчи май райондук милициясы 48 саатка камакка алды. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, Адилет Балтабайга “Жапырт башаламандыкка чакырган” деген айып коюлуп жатат.

Ички иштер министрлигинин Биринчи май райондук башкармалыгы билдирүү таратып, Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен козголгон кылмыш иши боюнча А.Б ысымдуу жаран тергөө кызматына жеткирилгенин ырастады.

“Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, — деп айтылат расмий маалыматта.

Журналист 30-июнда түшкө чейин милицияга суракка чакыртылганы белгилүү болгон. Райондук милиция анын себеби тууралуу кийинчерээк кабар берилерин билдирген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!