"Эркин-Тоо"

Жусуп Абдрахманов тууралуу даректүү тасма тартылды

Жусуп Абдрахмановдун басып өткөн эмгек жолу, жеке турмушу тууралуу 30 мүнөттүк даректүү тасма тартылды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Жусуп Абдрахманов атындагы фонддун төрагасы, анын небереси Мирбек Үсөбаев билдирди. Даректүү тасманын бет ачары өткөн аптада өткөн. Анда мамлекеттик ишмер тууралуу буга чейин айтылбай келген тарыхый фактылар ачыкталган.

Эске салсак, белгилүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын белгилөө максатында өлкө боюнча бир катар иш-чараларды өткөрүү боюнча президент Садыр Жапаровдун жарлыгы чыккан. Ал Жарлыкка ылайык аты аталган фонд көп эмгек жасоонун үстөндө. Мирбек Үсөбаев жакында Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүн жана «Кыргызстан» китебин кайра басып чыгаруу пландалып жаткандыгын да билдирди.

«Жусуп Абдрахманов «Кыргызстан» китебин арап ариби менен кыргыз тилинде жазган. Ал китепте өлкөнүн өнүгүшүн кеңири баяндаган. Абдрахманов китебинин көп бөлүгүн айыл чарбасына, агроөнөр жай комплексине жана өнүгүүнүн башка тармактарына арнаган. Бул китеп аз санда чыккан. Азыр анын 120 жылдык мааракесинин алкагында аталган китепти кайра чыгарууну жана саясий процесстерди, ишмердүүлүгүн баяндаган күндөлүгүн да чыгарууну пландап жатабыз. Ошондой эле буга чейин «Улуу Жусуп Абдрахманов жана анын доору» аттуу китеп дагы чыккан. Анын бет ачары жакында өтөт», — деди ал.

Жусуп Абдрахманов атындагы фонд мындан тышкары Бишкек шаарынын Биринчи май районун жана Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын атын Жусуп Абдрахмановдун урматына анын атына өзгөртүү демилгеси көтөрүлуп жаткандыгы тууралуу да айтылды.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!