Жүзүн жапкан аялга айып пул салынды: Милиция видеодогу окуяны түшүндүрдү
Ош шаарындагы эл аралык аэропортто жүзүн толук жаап жүргөн аялга карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүлүп, айып пул салынды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 17-ноябрда болгон. ИИМдин ыкчам башкаруу борборунун Түштүк аймагы боюнча санариптик көзөмөлдөө бөлүмчөсүнөн аэропортто жүзүн толук жаап жүргөн жаран тууралуу маалымат түшкөн.
Милиция кызматкерлери аялды бөлүмгө жеткирип, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык протокол түзүлүп, айып пул салынган.
Ош ОИИБ бул учурда протокол милиция кызматкерлерин видеого тарткан жаранга эмес, жүзүн толук жаап жүргөн аялга карата түзүлгөнүн баса белгиледи.
Ошондой эле видеого тарткан жаран милиция кызматкерлеринин бир нече жолку эскертүүсүнө карабай, алардын ишине тоскоолдук жаратканын билдирди.
Учурда окуя учурунда милиция кызматкерлеринин аракеттерине ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмү тарабынан баа берилип, иликтөө жүргүзүлүүдө.