Жылытуу системалары кышкы суукка даярдалууда

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы Орто-Сай от казанын жылытуу мезгилине даярдап жатат. Адистер жылытуу насосторун, электр кыймылдаткычтарын, клапандарды жана казан приборлорун оңдоодон өткөрүшөт. «Бишкекжылуулукэнерго» 605 турак үйдү жылуулук менен камсыз кылат. Ишкананын кызматын алган абоненттердин жалпы саны 33 миң 189 адамды түзөт. Анын ичинде  12 саламаттыкты сактоо мекемеси, 40 орто мектеп, 14 бала бакча, 8 жогорку окуу жайы, 25 башка бюджеттик мекемелер жана башка 212 керектөөчүлөр бар.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X