Жыпаргүл Баргибаева: «Роза Айтматованын ар бир сөзүндө акыл, ар бир ишинде адамгерчилик бар эле»

30-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 138

Роза Төрөкуловна Айтматова «Ала-Тоо айымдары» коомдук экологиялык кыймылынын мүчөсү катары 16 жылдай бирге иштеп, айлана-чөйрөнү коргоо, аялдардын укугун колдоо жана коомдук иштерге активдүү катышкан. Кыймылдын төрайымы Жыпаргүл Баргибаева менен Роза эженин адамдык сапаттары, коомдук ишмердүүлүгү жана артында калган жаркын элеси тууралуу баарлаштык.

— Роза Төрөкуловна Айтматова менен көп жыл чогуу иштештиңиз. Анын кайсы сапаттарын өзгөчө баалайсыз?

— Роза эже «Ала-Тоо айымдары» коомдук экологиялык кыймылынын мүчөсү болуп, биз менен 16 жылдай чогуу иштешти. Ал кеменгер, терең ой жүгүрткөн, сабырдуу жана өтө жөнөкөй инсан эле. Аз сүйлөп, бирок ар бир сөзүн ойлонуп айтчу. Бирөөнүн катасын көрсө да, катуу сынга албай, акырын түшүндүрүп, туура жолду көрсөтчү. Адамга болгон ушундай аяр мамилеси мени дайыма суктандырар эле.

— Роза эже кыймылдын ишине кандай салым кошту?

— Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларга кайдыгер карачу эмес. Кыймылдын иш-чараларына, жыйындарына дайыма катышып, бизди колдоп турчу. Элдин тынчтыгын, ынтымагын, аялдардын укугун жана жаратылышты коргоону маанилүү деп эсептечү. Айрыкча агасы Чыңгыз Айтматовдун мөңгүлөрдү сактоо жөнүндөгү керээзин аткарууга өзгөчө көңүл бурчу. Роза эженин мекенчилдиги, элдин келечегине күйгөнү ар бир ишинен байкалып турчу. 

— Бүгүн Роза Төрөкуловнаны кандай сезим менен эскересиз?

— Роза эже биз үчүн жөн гана кыймылдын мүчөсү эмес, акыл-насаатын айтып, колдоп турган жакын адамыбыздай эле. Жыйындардан кийин чогуу чай ичип, көп нерсени сүйлөшчүбүз. Анын сөздөрү адамга дем берип, ойлондурар эле. Кемеңгерлиги, адамгерчилиги, токтоолугу менен көптөргө үлгү болду. Роза Төрөкуловна дагы көп жашаса болмок деп өкүнөм. Анын жаркын элеси «Ала-Тоо айымдары» коомдук экологиялык кыймылынын мүчөлөрүнүн жүрөгүндө дайыма сакталат.

30-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 138
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X