«Жыргалан Резорт» курортунун биринчи этабы декабрда ачылат
«Ала-Тоо Резорт» ААКсы Кыргызстандын туризм тармагынын өкүлдөрүнө жаңы тоо кластеринин мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырып, кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.
Жолугушууда долбоордун презентациясы жасалып, анын туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу видеоролик көрсөтүлдү. Ошондой эле 2026-жылдын декабрь айында «Жыргалан Резорт» курорттук шаарчасынын биринчи этабын ачуу пландалып жатканы маалымдалды.
Талкуунун жүрүшүндө туроператорлор менен кызматташуу, жаңы курортту чет өлкөлүк өнөктөштөргө таанытуу жана Кыргызстанга чет элдик туристтерди тартуу маселелерине басым жасалды.
Долбоор өлкөнүн тоо туризмин өнүктүрүүгө жана Кыргызстанды эл аралык туристтик багыт катары таанытууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.