Зироат Мирзиёева: Айгүл Жапарова мага ооз комуз белек кылды
Өзбекстандын Биринчи айымы Зироат Мирзиёевага Кыргызстандын Биринчи айымы Айгүл Жапарова кыргыз элинин улуттук музыкалык аспабы — ооз комузду белекке тапшырганын Facebook баракчасына жазды.
Анын айтымында, белек «Алтын балалык» реабилитациялык борборуна болгон биргелешкен сапардын соңунда ыйгарылган. Зироат Мирзиёева бул белекти эки элдин достугунун жана маданий байланышынын символу катары баалаган.
Белгилей кетсек, «Алтын балалык» борборуна Өзбекстандын Биринчи айымы Зироат Мирзиёева, Кыргызстандын Биринчи айымы Айгүл Жапарова жана Азербайжандын Биринчи айымы Мехрибан Алиева биргелешип барышкан. Иш-чаранын алкагында алар борбордун ишмердүүлүгү менен таанышып, балдардын чыгармачылык көргөзмөлөрүн көрүп, «Достук дарагы» аттуу кийиз панного акыркы элементти биргелешип жайгаштырышкан.