Зоопарктан өрт чыкты
Бүгүн, 28-январда Бишкек шаарындагы реабилитациялык зоопарктан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Тилсиз жоо саат 08:50дө толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен 6 маймыл жана 1 кенгуру өлгөнү кабарланды.