Үч эмге балбан кыздардын ысымдары ыйгарылды
Норвегиянын Осло шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жаткан маалда, Бишкек шаарында 5-октябрь күнү үч эм төрөлгөн. Ымыркайларга ата-энеси кыргызстандык балбан кыздардын атынан Айсулуу, Айпери, Ай-Мээрим деген ысымдарды ыйгарышкан.
Күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова үч эмди төрөт үйүнөн чыгарууга барып, алардын апасына белек тартуулады.