Өкмөт салык тармагындагы иштерге оң баа берди
Бүгүн, 6-февралда, Салык кызматы 2025-жылы аткарган иштеринин жыйынтыгын чыгарып, коллегиялык жыйын өткөрдү.
Жыйынга Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, ошондой эле борбордук жана аймактык салык органдарынын жетекчилери катышты.
Жыйында былтыр салыктарды жана камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу кандай жүргөнү талкууланды. Айрыкча алкоголдук продукциядан түшкөн акциз салыгы жана мыйзамсыз сооданын алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иштерге көңүл бурулду.
Ошондой эле жыйында «Салык Күзөт» аталышындагы жаңы маалыматтык система тааныштырылды. Бул система салыкты туура эсептөөгө, көмүскө экономиканы азайтууга жана адам факторунун таасирин кыскартууга багытталган.
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Салык кызматынын ишине оң баа берип, 2025-жылы пландалган көрсөткүчтөр аткарылганын белгиледи. Анын айтымында, салык реформалары жүрүп, көптөгөн процесстер автоматташтырылып, жарандар жана ишкерлер үчүн салык кызматтары жеңилдетилди.
Ал эми Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов өз сөзүндө 2025-жылдагы иштин жыйынтыгы, анын ичинде салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча түшүүлөр, салык тутумундагы негизги реформалар жана бизнести колдоо боюнча жүргүзүлуп жаткан чаралар тууралуу айтып, 2026-жылга болгон пландар жөнүндө маалымат берди.