"Эркин-Тоо"

ӨКМ: Ала-Букадагы сел эки унааны, көпүрөнү агызып кеткен

Бүгүн, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ынтымак айыл аймагынын Ак-Тайлак айылында мөндүр аралаш жамгырдан улам кокту-колоттордон сел жүрүп, 2 ички унаа өтүүчү көпүрөнү жана 2 жеңил унааны агызып кеткен. Жабыр тарткандар жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жарандык коргонуу кызматтары тарабынан 2 оор инженердик техника тартылып, ички жолдор калыбына келтирилип, Көк-Таш, Көк-Серек айылдарына баруучу жол эки тараптуу ачылды.

Жеринде Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тарабынан тактоо жумуштары жүрүүдө жана абал көзөмөлгө алынууда.