ӨКМ: Ашууларда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

4-апрель, 2022-ж. / Редакция / Аймак 42

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык,  4-апрелден 7-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымында (Төө-Ашуу ашуусу),

Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы 198-255 чакырымында,

Бишкек-Нарын-Торугарт 289-305 чакырымында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы),

Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 60-94 чакырымында (Кара-Гөө ашуусу),

Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 65-90 чакырымында (Чон-Ашуу ашуусу),

Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Айрым жерлерде жолдор тайгак болуп муз тоңот.

 

4-апрель, 2022-ж. / Редакция / Аймак 42
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X