Өлкө башчы Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө социалдык-экономикалык кырдаал боюнча тапшырма берди

28-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 54

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 28-мартта, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.

Кеңешмеде өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал талкууланган.

Мамлекет башчысы кризиске каршы чаралардын планын, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана башка социалдык-экономикалык маселелерди чечүү боюнча өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Президент Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнө жана мамлекет башчысынын администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

28-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 54
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X