7-апрелге карата берилген маалыматка ылайык, өлкөдө COVID-19 илдетинен 3 бейтап каза тапты. Анын бири Бишкек шаарында, экинчиси Чүй облусунда катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улукбек Бектурганов билдирди.
Акыркы суткада 161 адамдын анализинин жыйынтыгы менен COVID-19 илдети тастыкталды:
- Бишкек шаарында — 97
- Ош шаарында-6
- Чүй облусунда -46
- Талас облусунда -3
- Нарын облусунда -1
- Ысык-Көл облусунда -7
- Жалал-Абад облусунда -1