Өлкөнүн бүгүнкү урааны – “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот”

25-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Маданият 266

Бүгүн, 25-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында мамлекеттик жана саясий ишмер  Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракеси белгиленди. Иш-чарада улуу инсандын мамлекетти түптөөгө кошкон салымы, кылган эмгеги, өмүр жолу айтылды. Мааракеге Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана анын замандаштары, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, министрликтердин өкүлдөрү, окумуштуулар катышышты.

Эки элдин уулу Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлектин Коросон айылында төрөлгөн. Үч жашында энесинен, сегиз жашында атасынан ажырап, Фергананын Кожентиндеги балдар үйүндө тарбияланган. Тирикарак баланын билимге зээндүүлүгүн байкаган балдар үйүнүн тарбиячылары аны Ташкентке жөнөтүшкөн. Ал жердеги жатак мектепте 1925-жылга чейин окуп, орус тилин үйрөнүп, билимге кызыгуусу арткан. Мектепти аяктаган соң Самарканддагы агартуу институтун бүтүрүп, өзү окуган институтта окутуучу болуп калат. Көп өтпөй билимдүү жаш кадрды Москвадагы Крижановский атындагы Пландоо институтуна жөнөтүшөт. Ал институтту 1936-жылы аяктап, Өзбекстанга кызматка жиберилип, республикалык Пландоо комитетинин бөлүм башчысы болуп дайындалган. Аз убакыттан кийин ал Фергана облустук пландоо комитетинин башчысынын кызматына бекитилет. Кийинки жылы Өзбекстандын Пландоо комитетинин башчысынын биринчи орун басары болуп көтөрүлөт. Андан соң Өзбек ССР Эл комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Мына ушул кызматында ал 1941-жылдан 1944-жылга чейин иштеген. 1945-61-жылдары Кыргыз ССРинде жетекчилик кызматтарда иштеген. Улуу державаны башкарган Москва шаарында 1961-жылдардан 1967-жылдарга чейин СССРдин бир катар жетекчилик кызматын аркалаган.

Чыгаан инсандын өмүрүнө, ишмердүүлүгүнө байланышкан театралдашкан эскерүүсүнөн кийин салтанаттуу иш-чарага катышкан Президент Садыр Жапаров куттуктоо сөзүн сүйлөп, Исхак Раззаковдун өмүрү, мамлекеттик ишмердиги элдин эсинде ак барактай таза, чындык менен ширелишкен бойдон калганын, улутубуздун улуу инсаны — жыйырманчы кылымдагы мамлекеттик жана саясий ишмерлердин бири катары тарыхта каларын баса белгиледи.

“Элибиз журт башына келе турган адамдын эң алгач эле таза, калыс, адилет болушун тилейт. Ошондон улам эл арасына Исхак Раззаковдун “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот” деген асыл кеби суудай сиңип, башкы үлгүгө айланып кетти. Анын таасын, таамай айткан бул сөзү бүгүнкү күндө дагы негизги урааныбыз болуп келет.

Ал республиканын маданий, агартуу жана илим тармактарынын өнүгүшүнө өзгөчө чоң салым кошкон. Кыргыз жаштарынын Россия мамлекетинин жогорку окуу жайларынан ар тараптуу билим алышын камсыздады. Анын аракети менен Кыргызстандын өзүндө жогорку окуу жайлар ачылып, кыйла жылдардан бери чечилбей келаткан кадр маселеси оңунан чечилген. Мектептерде окуучуларга ысык тамак уюштуруу маселеси ошол мезгилде эле каралган.

Ошону менен бирге анын демилгеси менен айыл чарба техникаларын жасоочу завод, жип ийрүү, трикотаж, бут кийим фабрикалары сындуу бир катар өнөр жай ишканалары курулган. Облустарды байланыштыруучу жолдордун жана ошондой эле маданий жайлардын курулушу дагы колго алынган» — деди Садыр Жапаров.

Анын айтымында, Исхак Раззаковдун жөндөмдүүлүгүнүн жана иштин көзүн билген уюштуруучулугунун натыйжасында республиканын билим берүү, маданият, эл чарбасы, экономика, өндүрүш тармактары өнүгүү жолуна түшкөн. Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки республикадагы оор абалды жолго салып өнүктүрүүдө алгач элдин атуулдук аң-сезимин ойготуп, алга жетелеген. Ал бардык иш-чараларды кылдат пландаштырып, чарчадым-чаалыктым дебестен, күнү-түнү эмгектенип, жүргүзүлүп жаткан иштерди өзү барып, көз салып, кабар алып турган.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Төлөбек Абдырахманов:

— Кыргыз мамлекети бурулуш мезгилде турганда улуу инсандарды эскерүү, алардын ишмердүүлүгүнө кайрадан баа берип, ошол инсандардай мамлекеттик башкаруучуларды даярдоонун далалаты деп ойлойм. XX кылымдын 30-жылдарындагы атактуу мамлекеттик жана коомдук ишмерлерден кийин Кыргыз мамлекетинин башкаруучуларынын эволюциясында өнүгүү байкалат. Турдакун Усубалиев, Апсамат Масалиев аксакалдардан кийин мамлекетти башкаруучулар дарамети төмөндөгөн. Мындай улуу инсандардан мамлекеттик башкаруунун үлгүсүн алууга болот. Учурда жаштарга сабак болсун деген таризде Президентибиз Садыр Жапаров Исхак Раззаковдун ишмердүүлүгүнө кеңири токтолду. Мамлекетти башкаруучулар улуу инсандардан өрнөк алса, Кыргызстанда эң жакшы өнүгүүлөр болот деп ойлойм.

Орус-славян университетинин “Клиникалык фармакология” кафедрасынын профессору Ашыраалы Зурдинов:

— Исхак Раззаков Кыргызстанда иштеген мезгилде мектепте окучу элек. Улуу инсандын биздин элге кылган кызматын тизмектеп айтып мүмкүн эмес. Ата-энесинен эрте ажырап, балдар үйүндө чоңоюп, өзүнүн аракетчилдиги менен Өзбекстанда бир катар жетекчилик кызматты аркалап, алардын мамлекетинин өнүгүшүнө, түптөлүшүнө эмгеги сиңди. Мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин басып өткөн инсан.

 Кийин Москва жетекчилиги түпкү мекени Кыргызстанга жөнөтүшкөн. Бизде 1961-жылга чейин иштеп кеткен.  Өз өлкөсүндө жигердүү эмгектенип, Кыргыз мамлекетинин жаштарынын билимин өркүндөтүүгө өз салымын кошкон.  Бүгүн Исхак Раззаковдун: “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот”, — деп калтырган сөзүн өлкөбүздө негизги ураан катары туу тутуп келебиз.

Асел Барыктабасова

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X