Өзбекстанда айылдарды жакшыртуу иштери башталат

27-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 25

Президенттин пресс-катчысы Шерзод Асадов маалымат жыйыны учурунда 524 махаланы жакшыртуу үчүн орто эсеп менен 2 млрд сум бөлүнөрүн билдирди. Ал өлкө башчысы Мирзиёев жооптуу адамдарга бардык махалалардын абалын жакшыртуу боюнча так тапшырма бергенин белгиледи. Мындан тышкары, жумушсуздукту жоюуга 92 млрд сум, ал эми өлкөдөгү 900 жетим балдарды турак-жай менен камсыз кылуу үчүн 50 млрд бөлүнгөнүн кошумчалады.
Эскерте кетсек, буга чейин айылдарда жана махалаларда жашоо сапатын жакшыртуу үчүн 21 трлн сум каралган.

27-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 25
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X