Өзгөндө 2 айлык ымыркай хижамадан кийин чарчап калды
Өзгөн районунда 2 айлык ымыркай хижама жасаткандан кийин каза болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзгөн жалпы дарыгердик-практикалык борборунун директору Бермет Масадыкова билдирди.
Анын айтымында, Кара-Шоро айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылынан ымыркай оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бала кан көп жоготкондуктан анын гемоглобини 45ке чейин түшүп кеткен. Көрсөтүлгөн жардамга карабастан, наристе эртеси күнү чарчап калган.
Маалым болгондой, ата-энеси ымыркайды эмчи-домчуга алып барып, денесинин артын тилдиришкен. Окуя боюнча укук коргоо органдарына кабар берилген.
Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Учурда күбөлөр суралып, ымыркайдын өлүмүнүн так себебин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды. Териштирүүнүн жыйынтыгына жараша мыйзам чегинде юридикалык баа берилет.