№13 шайлоо округу: БШК 25 талапкерди каттады

2-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 76

Борбордук шайлоо комиссиясы №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 25 талапкерди каттады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы талапкерлердин ичинен 15и эркек, 10у аял.

Белгилей кетсек, 1-мартка дайындалган №13 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу ниетин алгач 31 жаран билдирген.

Алардын ичинен 5 талапкер шайлоого катышуудан өз ыктыяры менен баш тартса, дагы 1 талапкерди Борбордук шайлоо комиссиясы каттоодон баш тарткан.

2-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 76
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X