МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча Улуттук кеңештин жыйыны өттү.
Жыйынга Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, президенттин аймактардагы өкүлдөрү, эл аралык жана жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле көз карандысыз эксперттер катышты.
Күн тартибинде жети маселе каралды. Анын ичинде 2022–2026-жылдарга аялдар ишкердигин колдоо программасынын аткарылышы, 2022–2028-жылдарга укук бузуулардын алдын алуу саясатынын жүрүшү, 2018–2028-жылдарга үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо программасынын мониторинги талкууланды. Ошондой эле аялдарга карата басмырлоону жоюу боюнча конвенциянын аткарылышы, балдарды зомбулуктан коргоо тартибин өркүндөтүү, Бириккен Улуттар Уюмунун Баланын укуктары боюнча комитетинин сунуштарын ишке ашыруу маселелери каралды. Санариптик инструменттерди колдонуу менен мониторинг жүргүзүү механизми түзүү демилгеси да көтөрүлдү.
Жыйындын жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынып, мамлекеттик органдарга тиешелүү тапшырмалар берилди. Ошондой эле үй-бүлө, гендердик өнүктүрүү, социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо маселелери боюнча Улуттук кеңештин 2026-жылга карата иш-чаралар планы бекитилди.