Үй-бүлөлүк дарыгерлердин эмгек акысы 100 пайызга жогорулайт

9-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 14

Бул тууралуу Садыр Жапаров өзүнүн Телеграм-каналына жана Instagram жазды.
Президенттин айтымында, 2020-жылдан тартып COVID-19 илдети дүйнө жүзүн каптап, көптөгөн мамлекеттерде карантин киргизилип, айрым мамлекеттерде жашоо кыймылы бүгүнкү күнгө чейин толук кандуу жандандырыла элек. Тескерисинче, айрым өлкөлөрдө кайрадан карантин киргизилип жатат.
Жашоо күн өткөн сайын оорлошуп жатканын көрүп турабыз. Жеңилдетүү үчүн, биринчи кезекте, эмгек акылар, пенсия-пособиелер көтөрүлүшү керек экенин баарыбыз жакшы билебиз. Ушуга байланыштуу эмгек акыларды жогорулатуу боюнча колубуздан келген аракетибизди жасап жатабыз. Мисалы, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун (ЦСМ) кызматкерлеринин эмгек акылары 100 пайызга 1-апрелден баштап көтөрүлдү», — дейт президент.
Президенттин айтымында, калган медицина кызматкерлери менен маданият кызматкерлеринин эмгек акылары 1-июлдан баштап 50 пайызга көтөрүлөт. Башка тармактардагы мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акыларын, пенсия, жөлөк пулдарды жогорулатуу боюнча булактар каралып жатат.

9-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 14
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X