Үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 123 кылмыш иши козголду

24-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 18

Былтыр, 2025-жылы, Бишкекте үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 123 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык прокуратурасы билдирди.

Маалыматка ылайык, козголгон кылмыш иштеринин төртөө Кылмыш-жаза кодексинин «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси менен катталып, сотко жөнөтүлгөн. Калган 119 иш үй-бүлөлүк зомбулукка байланышкан башка беренелер боюнча козголгон. Алардын ичинен 89 учур аялдарга карата, 15и жашы жете электерге карата жасалган кылмыштар болуп саналат.

Ошол эле мезгилде ички иштер органдары тарабынан үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 2 671 административдик протокол түзүлүп, убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо боюнча 223 протокол катталган.

24-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 18
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X