Ө.Суваналиев: Согди делегациясы менен сүйлөшүүлөр аяктап калганда, чагымчылдык болуп кетти
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев 28-апрелде, Согди делегациясы менен сүйлөшүү аяктап маселе чечилип калганда, саат бештерде, чагымчылдык болуп кеткенин билдирди.
«Кыргыз-тажик чек арасында бүгүн абал турукташып бара жатат. Акимчилик, айыл башчылары, күч түзүмдөрү иштөөдө. Кечээтен тарта абалды турукташтыруу менен алекпиз. Азыр абал өзгөрүлмөлүү болуп бир тынчып, кайра жаңжал чыгып кетип жатат. Элдин коопсуздугун сактоо максатында алдын ала иш жүргүзүп жатабыз. Кечээ, 28-апрелде, Согди делегациясы менен биздин делегациянын сүйлөшүүсү аяктап маселе чечилип калганда, саат бештерде, чагымчылдык болуп кетти. Алардын чиновниктери жетекчилеринин сөзүн укпай койду. Абал азыр көзөмөлдө. Чек арада ызы-чуу, провокация болорун алдын ала сезип турдук… Азыр абалды курчутууга жеткире турган күчтөр бар, бирок биз эки элдин ортосундагы кагылышууга жол бербейбиз. Бүгүнкү күндө Согди облусунун губернатору талаштуу камераны алыш керектигин айткан. Акыркы күндө Исфаранын акими аны укпай коюп, кагылышуу болуп кетти», — деди Суваналиев.