ӨКМӨТТҮН ЖАЗГА КАМЫЛГАСЫ СИЗДИ КАНААТТАНДЫРАБЫ?
Эл өкүлдөрү өткөн аптада өлкөдөгү жазгы айдап-себүү иштерине байланыштуу бир катар көйгөйлөрдү көтөрүштү. Алдыдагы жазгы талаа жана чарбалык иштерин өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев маалымат берип, сугат суу менен камсыздоо, сапаттуу үрөн, күйүүчү-майлоочу май жана техникаларды даярдоо, жер семирткичтерди жеткирүү сыяктуу иштердин аткарылышы боюнча кеп кылды. Эл өкүлдөрү Бакыт Төрөбаевге тармактагы бир катар көйгөйлөрдү тизмектешип, бул жааттагы чыныгы кырдаалга кызыгышты. Дегеле, өкмөттүн жазга камылгасынан коомчулук кабардарбы? Биз бул сапар дал ушул собол менен айрым инсандарга кайрылдык.
КР Президентинин Талас облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков: “ЖАЗГА ДАЯРДЫК КОМПЛЕКСТҮҮ ЖҮРҮШҮ КЕРЕК”
— Туура, жазгы талаа иштерин үзгүлтүксүз ишке ашыруу боюнча өкмөттүн иш-аракеттери жакшы деңгээлде башталды. Аныгында жазгы талаа иштери бул агрардык циклдин эң жооптуу этабы болуп саналат. Дал ушул мезгилдеги уюштуруучулук жана техникалык даярдык күздөгү түшүмдүүлүктү 50-60%га чейин аныктайт. Кыргыздын “жаздын бир күнү бир жылга тете” деген макалы азыркы биз сөз кылган маселеге карата айтылган. Ошондуктан, агротехникалык, материалдык-техникалык жана уюштуруучулук өңдүү жалпы даярдыктар эң жогорку деңгээлдерде комплекстүү жүргүзүлүшү керек. Менимче, жазга даярдыкты Бакыт Эргешович башында турган жетекчилер жогорку уюшкандыкта өткөрүп алаарына ишеним чоң.
Эркин журналист Тынчтык Алтымышев: “ЖИПКЕ ТИЗГЕН ШУРУДАЙ ООР МАСЕЛЕЛЕР ТОЛТУРА”
— Жазгы айдап-себүүнү “шоколад” кылып жасап койгондон мурун айыл чарба тармагындагы саясатты комплекстүү өзгөртүш керек. Мейли, күйүүчү май арзан болсун, өз убагында келсин, дыйкандар шымаланып жер калтырбай айдап коелу дейли. Күздө аны оруп-жыйып алганга комбайндар жетишеби? Комбайндар оргончо жайыттан мал түшүп келип, арпа-буудайга оонап кетпешке айыл өкмөттөр кепилдик берип, мыйзам чегинде ырааттуу иштеп беришеби? Ооба, ал жагы жакшы болсун дейли. Андан ары ал тоютту жей турган малдын саламаттыгычы? Ветеринария мал дарылоо протоколдорун өзгөртүп, жердин шартына, ылаңдын масштабына карата эффективдүү дарылап, эмдеп, жайыттан мал дени сак түшөбү? Же былтыркыдай жайы менен мал шарп, кара өпкө болуп ооруп, арык келеби? Ал жагы деле жакшы болсун дейли, ошол тоютту бордогон малдын баасы кандай болот? “Эттин баасы 680 сомдон ашпасын!” — деп эле столду бир коюп, эт өндүрүүчүлөрдү башка чапкылай бергенде тоютту жеп, бордолгон малдын баасы кантет? Ушунун баары бир жипке тизген шурудай оор маселелер. Баарын комплекстүү карап чечип кетсе, анда айыл чарба министри илгерки Корчубековдой эле мыкты ишмер боло алат.
“Тянь-Шань” форель заводунун негиздөөчүсү Илгиз Шаменов: “ДАЯРДЫК КАГАЗДА ЭМЕС, ИШ ЖҮЗҮНДӨ КАМСЫЗДАЛЫШЫ КЕРЕК”
— Жалпы-жонунан өкмөт жазгы талаачылык иштерине даярдык боюнча иш алып барып жатканын көрүп жатабыз. Сугат суу, сапаттуу үрөн, күйүүчү-майлоочу май, жер семирткич жана техникаларды даярдоо маселелери боюнча маалыматтар берилди. Бирок, жер-жерлерде айрым көйгөйлөр дагы деле бар экени жашыруун эмес. Эң негизгиси даярдык кагаз жүзүндө эмес, иш жүзүндө толук камсыздалышы керек. Жеңилдетилген насыялар жер-жерлерге так жана адилеттүү бөлүштүрүлүшү зарыл. Дыйкандарга реалдуу колдоо көрсөтүлүп, керектүү ресурстар өз убагында жетсе, жазгы талаа иштери ийгиликтүү өтөт деп ишенем. Айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча Президентибиз өзү баш болуп колдоо көрсөтүп жатканын көрүп жатабыз. Бирок, айыл чарбаны өнүктүрүү биринчи кезекте тармактык министрликтин түздөн-түз милдети. Айыл чарба министрлиги системалуу жана натыйжалуу иш алып барышы зарыл. Кыргызстан айыл чарба багытындагы өлкө. Бизде экологиялык таза продукция өндүрүп, агрардык өлкө катары өнүгүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Ошол мүмкүнчүлүктөрүбүздү тыңгылыктуу пайдалансак жакшы болмок.
Эркин журналист Султан Төрөбеков: “ДЫЙКАНДАРЫБЫЗ ӨЗДӨРҮ АРАКЕТ КЫЛЫШАТ”
— Жылдагы эле көнүмүш отчёт да. Аныгында алда канча убакыттан бери эле дыйкандар жазгы талаа иштерине өздөрү аракет көрөт. Өкмөт дыйкандарыбызды сапаттуу үрөн, күйүүчү май, техника менен камсыз кылып берсе эле жетиштүү болот. Соңку убакта сууга бай Кыргызстаныбызда кургакчылык жыл сайын орчундуу маселеге айланып баратат. Ушул көйгөй жараткан суу маселесин караш керек. Өкмөт алдыда суу кампаларын курабы? Суу сактагычтардычы? Менимче аракет жаман эмес. Менин жеке сунушум дыйкандарыбызга мамлекеттен пайызы аз насыяларды көп берип, колдоо кылбаса, тамак-аш барган сайын кымбаттап, азыр азык-түлүк коопсуздугу күч алууда. Эттин баасы асманга чыгып, карапайым элибиз эт жебей баратышат. Тиешелүү органдар мал чарбачылыгын өнүктүрүү жагын колго албаса, жакынкы жылдары жакшылык менен жамандыгынан тышкары күнүмдүк жашоосунда нандан кийин этсиз турбаган элибизге кыйын болуп калчудай.
Калыгул Бейшекеев