ӨКМ кызматкерлеринин айлыгы 50 пайызга жогорулайт

20-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 45

2022-жылдын 1-январынан баштап КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкерлеринин айлык акысы 50 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, эсептөөлөр боюнча ӨКМдин кошумча жылдык талабы 312 млн 570 миң 699 сомду түзөт.

“Учурда башкармалыктын башчыларынын кызматтык маянасы 12 миң сомду түзөт. Бөлүмдөрдүн улук офицерлери 8 миң 900 сомдон жана бөлүмдөрдүн офицерлери 8 миң 600 сомдон алышат. 2022-жылдан баштап бөлүм башчылар 16 миң 500 сомдон, бөлүмдөрдүн улук офицерлери жана офицерлер 13 000 — 13 500 сомдон ала башташат”, — деп билдирди Калыс Ахматов.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X