ӨКМге келген жаңы техникалар-ФОТО

26-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 57
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги заманбап 58 өрт өчүрүүчү унаалуу болду.
Өлкөдө мындай өрт өчүрүүчү унааларды масштабдуу жаңылоо 2008-жылдан бери жүргүзүлгөн эмес. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Бүгүнкү күндө бардык унаалар алдын ала атайын сыноолордон ийгиликтүү өтүп,  ӨКМнин карамагына берилди.
Маалыматка ылайык, унаалар адам өмүрүн сактоого, өрт копсуздугун алдын алуу үчүн өлкө аймактарындагы облустук жана шаардык өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнө бөлүнүп берилет.
«Жаңы техникалар өрткө каршы атайын заманбап жабдуулар жана шаймандар менен жабдылган. Алардын ар биринде сыйымдуулугу 6 тонналык цистерна, өрттү өчүрүүчү көбүк-суюктук толтуруучу жана ар түрдүү кубаттуулуктагы насостор орнотулган. Өрт өчүрүүчү унаалар зарыл болгон куткаруу иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү атайын бардык куткаруу куралдары менен жабдылган», — деп айтылат маалыматта.
Өрт өчүрүүчү унаалар “Кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу” (ERIK) долбоору аркылуу алынды.
Белгилей кетсек, кечээ, 25-мартта Кыргызстандын Чек ара кызматы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине  жаңы техникалар тапшырылган.
26-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 57
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X