Өлкө башчысы мамлекеттик сыйлыктар тууралуу айтты

11-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 25

Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик сыйлыктар формалдуулук үчүн эмес, чыныгы эмгеги сиңген инсандарга берилип, алардын кадыр-баркы жогору болушу керектигин билдирди.

Жыйында депутат Камила Талиева «Эл мугалими» наамын кайра киргизүү жана «Эл акыны» наамын сактап калуу сунушун айтты. Анын белгилешинче, мугалимдер менен дарыгерлер үчүн мамлекеттик сыйлыкты өлкө башчысынын колунан алуу чоң сыймык.

Буга жооп иретинде Президент мамлекеттик сыйлыктарды иретке келтирүү иши 2021-жылы башталганын белгиледи. Анын айтымында, буга чейин айрым учурларда сыйлыктар акча берип же тааныш-билиш аркылуу берилип, натыйжада чыныгы кесипкөйлөр көмүскөдө калып келген.

«Мамлекеттик сыйлыктар боюнча ревизия кылдырганда, 30 жыл, 50 жыл эмгеги сиңип, бирок мамлекеттик сыйлык берилбеген кесип ээлерин көрүп, бардыгына сыйлык бергенбиз. Эсиңиздерде болсо мугалим, дарыгер, мамлекеттик кызматкер жана башка тармактагыларга 150, 200, 300 кишиден бердик. Карасак, сыйлыктардын 47 түрү бар экен. Аларды иргеп, санын 20га түшүрүп, Жогорку Кеңешке жибердик. Бул сыйлыктын баркын көтөрүү жана формалдуулукту жоюу үчүн жасалууда», — деди Садыр Жапаров.

11-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 25
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X