Өлкөдө 10 миңден ашуун жаран эмделди

19-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 11

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин билдирүүсү боюнча, Кыргызстанда бүгүнкү күнгө 10 миңден ашуун жаран COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү. Маалыматка ылайык эмдөөдөн дарыгерлер, мугалимдер жана коопсуздук кызматкерлери өтүп жатат.
Өлкөгө Кытайдын «SinoPharm» вакцинасынын 150 миң дозасы келген. Аны менен 75 миң адамды эмдөө каралган. Вакцинаны биринчилерден болуп 29-мартта Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алган.

19-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 11
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X