Өлкөдө 5 балык чарба кооперативи түзүлдү
Президент Садыр Жапаров кол койгон «Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгына ылайык, республика боюнча 5 балык чарба кооперативи түзүлдү.
Тактап айтканда, бүгүнкү күндө «Фиш Сары-Челек» (Аксы району, 20 мүчө), «Рязань Форель» (Аксы району, 4 мүчө), «Радужка» (Токмок токойчулугу, 5 мүчө), «Рыбовод» (Токмок токойчулугу, 17 мүчө) жана «Спартак Форель» (Токмок токойчулугу, 8 мүчө) аттуу кооперативдер ишин баштады.
Ошондой эле Чүй токой-аңчылык чарбасынын Токмок токойчулугунда токой фондунун аймагында балык чарбасын жүргүзүү үчүн 131 субъект менен келишим түзүлдү. Анын ичинен 30 чарба иштеп жаткан кооперативдерге кошулган, 20сы башка багытка өткөн. Калган чарбалар 8 пландалган кооперативге бөлүштүрүлдү.