Өлкөдө дагы 8 медицина кызматкеринен COVID-19 аныкталды

3-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 25

3-апрелге караган суткада Кыргызстанда дагы 8 медицина кызматкеринин COVID-19 илдетин жуктурганы аныкталды. Алардын ичинен алтоо Бишкек шаарындагы, экөө Чүй облусундагы ооруканада эмгектенет.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы суткада стационардан 3, үй карантинден 1 медкызматкер чыгарылган.
Кыргызстанда жалпы 4259 медицина кызматкерлери COVID-19 менен катталган. Алардын ичинен 4203 медик айыкты.

3-апрель, 2021-ж. / Редакция / Медицина 25
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X