Өлкөдө коронавирустун «британиялык» штаммы катталды
Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Министр азыр коронавирус болуп катталгандардын 50 пайызы вирустун “британиялык” штаммын жуктуруп алгандар болуп жаткандыгын айтты. Андыктан элди эмделүүгө чакырган ведомство башчысы “Мурдагы штамм чогуу болгондордун арасында 1-2 адамга жукса, «британиялык» штамм бир оорулуудан 3-5 адамга чейин жугушу мумкүн. Бул вирус агрессивдүү. Азыр чараларды көрүп жатабыз, Россиянын вакцинасын тезирээк алып келип, элди эмдөө керек”, — деди.