Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Жаңы мыйзамдын негизги максаты — жарандардын мамлекет жана коом алдындагы эмгегин моралдык жактан жогору баалоо жана ардак наамдардын бирдиктүү, так системасын түзүү.
Документке ылайык, мамлекеттик сыйлыктардын, ардак наамдардын жана сый акылардын жалпы саны оптималдаштырылып, мурдагы 46 түрдүн ордуна 22 түрү калтырылды. Ошол эле учурда бир катар жаңы сыйлыктар киргизилди. Алардын катарында «Эрдик» ордени (биринчи категория), «Ардак» медалы (экинчи категория), ошондой эле «Кыргыз Республикасынын жаратманы» жана «Кыргыз Республикасынын сыймыгы» ардак наамдары бар.
Мыйзам менен айрым мурдагы сыйлыктар жоюлуп, система жөнөкөйлөштүрүлдү. Ошол эле учурда коомдо өзгөчө орду бар «Кыргыз Республикасынын эл мугалими», «эл врачы», «эл артисти», «эл жазуучусу», «эл акыны» жана «эл сүрөтчүсү» сыяктуу ардак наамдар сакталды.
Мындан тышкары, мыйзам мамлекеттик сыйлыктардын укуктук статусун, аларга көрсөтүүнүн жана ыйгаруунун тартибин так аныктайт. Ошондой эле сыйлыкка татыктуу болгон жарандардын укук-милдеттери жана аларга берилүүчү социалдык кепилдиктер каралган.
Белгиленгендей, социалдык кепилдиктердин көлөмү жана шарттары өлкө президенти тарабынан аныкталат.