Өлкөдө мыкты механизаторлор аныкталат

12-март, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 112

Кыргызстанда жер айдоо боюнча ачык чемпионат өтөт. Мелдеш 2026-жылдын 18–19-апрелинде өтө турган «Айдоо Фест – 2026» фестивалынын алкагында уюштурулат.

Маалыматка ылайык, чемпионат суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин колдоосу менен өткөрүлөт. Фестивалга чейин өлкөнүн бир катар аймактарында тандоо турлары уюштурулуп, анда механизаторлор айыл чарба техникасын башкаруудагы чеберчилигин жана жерди так айдоо жөндөмүн көрсөтүшөт. Жеңүүчүлөр финалдык баскычка жолдомо алып, “Кыргызстандын мыкты механизатору” наамы үчүн ат салышат.

Тандоо этаптары март айында Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарында өтөт. Аларды уюштурууга жергиликтүү агрардык өнүктүрүү бөлүмдөрү жана өз алдынча башкаруу органдары көмөк көрсөтүүдө.

Чемпионатка Кыргызстандын 18 жаштан жогору, тиешелүү категориядагы трактористтик күбөлүгү бар механизаторлор катыша алат.

Финалда жеңишке жеткен катышуучу Кыргызстандын атынан Россияда өтө турган эл аралык жер айдоо фестивалына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Иш-чаранын башкы демөөрчүсү Автомаш Радиатор компаниясы болсо, байгелүү орундардын ээлерине сыйлыктарды Агромаш Холдинг ТехСервис компаниясы тапшырат.

Тандоо мелдештери төмөнкү аймактарда өтөт

I этап: 2026-жылдын 11–16-марты

* 11.03.2026 – Баткен облусу, Кадамжай району
Байланыш үчүн: Абдыкасым Акматов, 0772 655 498

* 12.03.2026 – Ош облусу, Өзгөн району
Байланыш үчүн: Жакшылык Муканбетов, 0550 03 00 07

* 13.03.2026 – Жалал-Абад облусу, Сузак району
Байланыш үчүн: Икрамжан Жумашов, 0779 079 413

* 16.03.2026 – Талас облусу, Бакай-Ата району
Байланыш үчүн: Адилет Молдобаев, 0505 877 087

II этап: 2026-жылдын 18–23-марты

* 18.03.2026 – Ысык-Көл облусу, Тон району
Байланыш үчүн: Рустам Алышбаев, 0551 228 430

* 19.03.2026 – Нарын облусу, Кочкор району
Байланыш үчүн: Бактыбек Бозумбаев, 0701 771 100

* 23.03.2026 – Чүй облусу, Ысык-Ата району (Кант шаарына жакын талаа)
Байланыш үчүн: Чолпонкул Кабаев, 0703 912 419

12-март, 2026-ж. / Редакция / Айыл чарба 112
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X