Өлкөдөгү 117 маданият мекемесине кызматтык унаалар берилет

13-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 29

Быйыл, 2026-жылы, Кыргызстандагы 117 маданият мекемесине кызматтык унаалар берилет. Бул тууралуу «Биринчи» радиосуна Маданият министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков  билдирди.

Надырбековдун айтымында, учурда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин бюджети 6,4 млрд сомду түзөт.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Министрлер Кабинети министрликке 72 жаңы унаа тапшырган. Алардын арасында 5 чоң автобус, 10 орто автобус жана 57 микроавтобус бар.

13-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 29
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X