Өлкөдөгү эски аялдамалар жаңыланат
Кыргызстанда эскилиги жеткен аялдамалар этап-этабы менен жаңылана баштайт. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев билдирди.
Министрдин айтымында, өлкө боюнча көптөгөн аялдамалар эскирип калган. Айрымдары дагы деле союз мезгилинен бери өзгөрүүсүз турат. Мындай аялдамалар жарандар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түзө албайт. Ушундан улам аларды заманбап үлгүдөгү жаңы аялдамаларга алмаштыруу иштери башталды.
Жаңы аялдамалардын долбоорун Өндүрүштүк-инновациялар борбору иштеп чыгууда.