Өлкөгө 11 тонна мөөнөтү өткөн таттууну алып кирүү аракети токтотулду

27-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 17

Мамлекеттик салык кызматы жүргүзгөн рейдде мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктарды ташып кирүү аракети токтотулду.

Текшерүү маалында жүк ташуучу унаадан 4 миң 179 куту таттуу табылган. Жалпы салмагы болжол менен 11 тоннаны түзгөн. Бирок коштомо документтерде жүк 7 тонна деп көрсөтүлгөн.

Андан тышкары, унаада курулуш материалдары да болгону аныкталды.

Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, автотранспорт мөөр басылып айып короого токтотулду. Чогулган материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

27-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 17
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X