Өлкөгө 8-марттын алдында 4 миллиондон ашык гүл алып келинди

5-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 31

Кыргызстанга 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында 4 миллиондон ашык гүл импорттолду. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, февраль айынын башынан тарта өлкөгө 4,07 миллион жаңы гүл алып келинген. Бул январь айына салыштырмалуу жеткирүү көлөмү 31 пайызга көбөйгөнүн көрсөтөт.

Гүлдөр негизинен Кения, Кытай, Эквадор, Нидерланды жана Колумбия мамлекеттеринен импорттолууда.

Эң көп суроо-талапка ээ болгон гүлдөрдүн катарында роза, гвоздика, орхидея, хризантема жана лилия бар. Алардын ичинен роза гүлү 3,56 миллион даана алынып келип, импорт боюнча алдыңкы орунда турат.

5-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X