Өлкөгө Чыгыш Казакстан облустук драма театры гастролдоп келет
2026-жылдын 3-4-апрель күндөрү Бишкек шаарына Чыгыш Казакстан облустук драма жана оперетта театры гастролдук сапары менен келет. Бул тууралуу Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын маалымат кызматы билдирди.
Казакстандык артисттер борбор калаада үч спектакль тартуулашат. Жогоруда белгиленген күндөрү саат 11:00дө балдар үчүн «Три поросёнка» коюлат. 3-апрелде саат 19:00дө «Тартюф, или Обманщик», ал эми 4-апрелде саат 19:00дө «Женитьба» спектаклдери сахналаштырылат.
Билеттерди театрдын кассасынан же расмий сайтынан сатып алууга болот.
Дареги: К.Тыныстанов көчөсү, 122.