Өлкөгө карантин чаралары киргизилбейт

16-апрель, 2021-ж. / Редакция / Коом 10

Мындай чечим президент, премьер-министр жана өкмөт тарабынан кабыл алынганын “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында карантин чаралары экономикалык жагдайларга байланыштуу киргизилбейт. “Өткөн жылы биз карантин киргизгенбиз. Донорлордон ири суммада – 56 млн доллар каражат алганбыз, бул каражатты биз төлөбөсөк дагы биздин балдар төлөшү керек. Ушуну эске алып, биз карантин киргизбей турууну чечтик”,-деди ал.

16-апрель, 2021-ж. / Редакция / Коом 10
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X