Өрттөн жабыркагандар: Камсыздандырылган турак жайлар үчүн 8 млн сом берилди

26-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 21

Үстүбүздөгү жылдын 26-февралында Бишкек мэриясында өрттөн жабыркаган тургундарга камсыздандыруу сертификаттары тапшырылды. Иш-чарада сегиз жарандын ар бирине 1 млн сомдон компенсация берилди. Жалпы төлөм 8 млн сомду түздү.

Сертификаттарды Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек филиалынын директору Алима Нурланова тапшырды.

Мэр кырсык күтүүсүз болорун айтып,  шаар тургундарын мүлкүн камсыздандырууга чакырды.

Эске салсак, 2025-жылдын 15-ноябрында Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектиси, 16 дарегинде жайгашкан үч кабаттуу турак үйдө өрт чыгып, жалын 800 чарчы метр аянтты каптаган.

26-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X