Өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду

10-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 20

Урматбек Шамырканов өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү чечимге Садыр Жапаров кол койгонун Президенттик Администрациянын маалымат кызматы кабарлады.

Урматбек Шамырканов министр болуп 19-февралда дайындалган. Ал эми ага чейин өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары болуп иштеген.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдиргендей, министрдин кызматтан алынуусуна пара талап кылууга байланышкан доомат себеп болгон. Тагыраагы, ал 2025-жылдын жай айларында бөлүм кызматкерин кызматынан жогорулатуу үчүн акча талап кылган деп шектелүүдө.

Кызматкер айтылган сумманын жарымын ошол кездеги министрдин орун басары Шамыркановдун электрондук капчыгына которгонун билдирген. Кийин калган сумманы бере албастыгын айткан соң, ал кызматкер Баткендеги бөлүмгө которулган.

Баткенге которулган кызматкер Президентке кайрылып, мамлекет башчысы ишти текшерүүнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына тапшырган. Ушуга байланыштуу, Президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамыркановду ээлеген кызматынан бошотуу чечимин кабыл алган.

10-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 20
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X