Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагынын башчысы Руслан Талантбек уулу: “Ирригациядагы өзгөрүүлөр – аймакка чоң мүмкүнчүлүк берүүдө”

21-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 150

Мырза-Аке айыл аймагында акыркы жылдары социалдык-экономикалык өнүгүү туруктуу нукка түшүп, инфраструктура жаңыланууда. Инвестиция тартуу, турак жай куруу, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарында ишке ашырылган ири долбоорлор аймактын өсүшүн жаңы баскычка чыгарды. Мындай жетишкендиктер жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында топтолгон тажрыйбага, мамлекеттик колдоого жана ырааттуу реформаларга түздөн-түз байланыштуу. Ошону менен катар, билимдүү жана тажрыйбалуу жетекчилердин салымы да өзгөчө мааниге ээ.

Аймакты жетектеп келе жаткан Руслан Талантбек уулу да өзүнүн кесипкөйлүгү жана көп жылдык иш тажрыйбасы менен аймакты өнүктүрүүгө салымын кошуп келет. Бул багытта аймактагы өзгөрүүлөр, учурдагы долбоорлор жана алдыдагы максаттар тууралуу айыл өкмөт башчысы Руслан мырза гезитибизге кеңири маек курду.

— Руслан мырза, аймакта ири курулуштар жүрүп, бир топ жетишкендиктер болуптур. Булар боюнча айта кетсеңиз?

— Мырза-Аке айыл аймагында бүгүнкү күндө 9 айылда 4485 кожолукта өзбек, татар, түрк, тажик, казак, кыргыз улутундагы 23 миң 647 жаран жашайт. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу айыл аймактын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү туруктуу өсүшкө жетип, пландар ашыгы менен аткарылды. Бул, албетте, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын жана аймактарды өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын жыйынтыгы десек болот.

Алсак, 2025-жылы тартылган инвестициянын жалпы көлөмү 1 млрд 900 млн сомдон ашты. Анын басымдуу бөлүгү республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылган долбоорлорго туура келет. Аймакта жаңы мектептер курулуп, бир катар капиталдык курулуштар жүргүзүлүүдө. Ошону менен катар, калктын турак жайга болгон муктаждыгын чечүү багытында да ири иштер аткарылып жатат.

Президентибиз Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашып жаткан турак жай программасынын алкагында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 600гө жакын батирди камтыган (12 кабаттуу 7 корпус) турак жай комплекси курулууда. Долбоорго республикалык бюджеттен 1 млрд сом каралып, курулуш иштери активдүү жүрүүдө. Буюрса, бул программанын алкагында аймактагы 3800дөн ашуун жаран өз турак жайына ээ болмокчу.

Инфраструктураны жакшыртуу багытында да олуттуу иштер аткарылып, өткөн жылы айыл аймакта жалпы 9 чакырым 415 м жол асфальтталып, 1 чакырым жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар салынды. Мындан сырткары 4 чакырым ички чарбалык жол оңдолуп, 10 чакырымга жакын жайыт жолдор түздөлүп, калыбына келтирилди.

Инвестиция тартуу иши да үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. 2025-жылы дем берүүчү грант аркылуу 3,5 млн сом, райондук өнүктүрүү фондунан 2 млн 809 миң 300 сом каражат тартылды. Демөөрчүлөр тарабынан да 2 млн 455 миң сомдук колдоо тартылып, социалдык багыттагы иштерге жумшалды. Мындан тышкары, жеке ишкердик да жанданып, Мырза-Аке айылынын борборунда “Глобус” соода борбору ачылып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болду.

— Аймакта ишке ашырылып жаткан социалдык долбоорлор боюнча айтып берсеңиз?

— Билим берүү тармагында бир катар ири долбоорлор ишке ашырылып, келечек муун үчүн заманбап шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Алсак, олимпиадаларда ийгиликтерди жаратып келген К.Раимбеков атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул мектеп республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы сметалык баасы 370 млн 838 миң 500 сомду түзөт.

Ошондой эле М.Нурбаев атындагы орто мектеп республикалык бюджеттен бөлүнгөн 39 млн сом каражаттын эсебинен толук капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, ачылыш аземине Президент Садыр Нургожоевич онлайн катышты.

Кооптуу абалдагы билим берүү мекемелерине да көңүл буруу багытында Б.Монолов атындагы орто мектептин жаңы имаратынын курулушу кызуу жүрүп, бул мектепке 2025-жылы республикалык бюджеттен 186 млн 131 миң 600 сом каражат бөлүнгөн. Мындан сырткары, М.Разаков атындагы жатак-интернат мектебинде инновациялык спорт комплексинин курулушу аяктап, бүгүнкү күндө пайдаланууга берилип, долбоордун сметалык баасы 80 млн сомду түздү.

Билим берүү инфраструктурасын кеңейтүү максатында К.Раимбеков мектебинин кошумча окуу корпусуна, Калмурзаев орто мектебинин жаңы имаратынын долбооруна жана Мырза-Аке спорт комплексине республикалык бюджеттен тиешелүү каражаттар бөлүнүп, долбоорлоо жана курулуш иштери жүргүзүлүүдө.

Саламаттык сактоо тармагында да олуттуу жылыштар бар. Мырза-Аке, Кара-Шоро жана Салам-Алик айыл аймактарынын 52 миңден ашуун калкын тейлеген ооруканага заманбап, 60 орундуу жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бабыр айылында АРИС уюмунун колдоосу менен фельдшердик-акушердик пункт курулуп, бүгүнкү күндө анын даярдыгы 90%га жетип, жакынкы күндөрү ачылышы күтүлүүдө.

Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде да бир катар оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Райондук өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен “Бабыр”, “Адыр”, “Санта-Эне”, “Келечек” бала бакчаларынын эшик-терезе, чатырлары, инфраструктуралары жаңыланып, көрктөндүрүлүп, балдар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

— Аймактагы ирригация иштери кандай жүрүүдө?

— Ирригация жана жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу багытында да бир катар маанилүү иштер аткарылды. Алсак, Мырза-Аке айыл аймагынын батыш тарабындагы Жазы дайрасынын жээгин бекемдөө үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, 300 м аралыкка дамба курулду. Бул долбоор сел коркунучун азайтып, аймактагы тургундардын коопсуздугун камсыздоого багытталган. Ошондой эле, Бабыр айылында суу каптоо коркунучу жаралган мүрзөнү коргоо максатында ӨКМге кайрылуу жасалып, анын негизинде 300 даана габиондук тор берилди. Айыл тургундарынын активдүү катышуусу менен 150 м дамба тургузулуп, кооптуу аймак бекемделип, аймак боюнча жалпы 7 миң 620 м арык-каналдар казылып, тазаланды.

Жергиликтүү калктын демилгесин колдоо максатында айыл өкмөт тарабынан тиешелүү долбоор иштелип чыгып, БУУнун Азык-түлүк программасы аркылуу жардам көрсөтүлдү. Анын алкагында 40 үй-бүлөгө 6 каптан ун жана 15 литр өсүмдүк майы таратылып, жалпысынан 12 тонна ун жана 1104 литр май берилди. Мындан сырткары, борбордук көчөлөрдүн жээгинде мектептер жайгашкандыктан, окуучулардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулуп, тиешелүү органдар менен макулдашуунун негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен жол чырактары орнотулду.

— Сиздердин аймакта айыл чарба, мал чарбачылыгы кандай жүргүзүлүп жатат?

– Мырза-Аке айыл аймагында калктын негизги бөлүгү дыйканчылык менен алектенет. Бизде жеке механизаторлордун карамагында 77 трактор, 3 комбайн, 7 даана плющилка жана башка айыл чарба техникалары бар. Бул техникалар жазгы айдап-себүү жана күзгү оруп-жыйноо иштеринде дыйкандарга чоң жардам көрсөтүп келет.

Аймакта бодо малды асылдандыруу максатында жасалма уруктандыруу ыкмасы киргизилип, Койчубек уулу Мырзабек осеменатор адистигин аяктап, жергиликтүү малчыларга кызмат көрсөтүүдө. Ошондой эле осеменатордук пункт куруу үчүн жер тилкеси айыл өкмөт тарабынан такталып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Малдын саны өсүп жаткандыктан, төрт адис кызмат көрсөтүп, элди тейлеп жатат.

— Жайыттарды калыбына келтирүү маселеси аймактарда курч болуп келет. Бул боюнча айта кетсеңиз?

— Акыркы жылдары жайыттарды туура пайдалануу жана деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүү маселеси өзгөчө актуалдуу болуп турат. Бул багытта Айыл чарба министрлигинин колдоосу менен жайыттарды калыбына келтирүү максатында ар түрдүү чөп өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү алынып келинип, себүү иштери башталды. Жалпысынан айыл өкмөтүнүн жайыттарына 1430 кг чөп уруктары бөлүнүп берилип, 159 га жер аянтына себүү пландалган.

Бүгүнкү күндө Бабыр айылында 20 га, Алтын-Булак өрөөнүндө 40 га аянтка көп жылдык чөптөрдүн үрөндөрү себилди. Мындан тышкары, Калпак участкасында, Кандава айылынын Ак-Кыя аймагында жана Адыр айылынын ички жайыттарындагы кунарсыз жерлерде да калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Ошондой эле министрликтин райондук өкүлчүлүгү тарабынан кошумча түрдө 60 га жерге жетиштүү чөп үрөндөрү бөлүнүп берилип, бул багыттагы иштерди кеңейтүүгө шарт түзүлдү.

— Мыйзамсыз курулуштар боюнча да аймактарда кеңири иштер жүргүзүлүүдө. Бул жаатта кандай иштер аткарылууда?

— Бул боюнча аймакта түшүндүрүү жана тартипке келтирүү иштери ырааттуу жүргүзүлүп жатат. Калкка мыйзам талаптары кеңири түшүндүрүлүп, архитектуралык нормаларды сактоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Тактап айтканда, Алтын-Булак айылында жүргүзүлгөн иштердин алкагында 150гө жакын үйдүн тосмолору иретке келтирилип, кызыл сызыктан чыгып кеткен кашаалар алынды.

Турак жайларды камсыздандыруу багытында да алгылыктуу иштер бар. Жалпы план боюнча 1500 турак жайды камсыздандыруу каралган болсо, бүгүнкү күндө анын 1397си камсыздандырылып, бул көрсөткүч жогорку деңгээлде аткарылууда.

Аймактын келечектеги өнүгүүсүн системалуу пландаштыруу максатында жаңы башкы планды жаңылоо иштери да жүрүп жатат. Административдик-аймактык реформадан кийин түзүлгөн айыл аймактын башкы планы жакынкы күндөрү бекитүүгө даярдалууда. Бул максатта жергиликтүү бюджеттен 14,5 млн сом каражат бөлүнүп, заман талабына жооп берген архитектуралык жана инфраструктуралык чечимдер каралууда.

— Айыл тургундарын колдоо максатында бир топ социалдык долбоорлор ишке ашырылыптыр. Бул багытта кандай иштер аткарылууда?

— Айылдык кеңештин депутаттарынын колдоосу менен пилоттук негизде “ваучердик” система киргизилип, турмуш-шарты оор, бала бакчанын акысын төлөй албаган 25 үй-бүлөнүн балдары акысыз бала бакчага кабыл алынды. Бул демилге энелер үчүн чоң колдоо болду. Долбоорду ишке ашырууда “Хан-Баян” балдар бакчасынын жамаатынын салымы чоң экенин өзгөчө белгилеп кетким келет.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоо максатында атайын долбоор ишке ашырылып, анын алкагында айыл өкмөтү тарабынан 20 га жер бөлүнүп берилди. Ал жер акысыз айдап-себилип, натыйжада долбоорго катышкан 28 кожолукка 100 кг ун таратылды.

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында социалдык контракт аркылуу иш баштаган жарандарды колдоо улантылып, натыйжада 29 жаран ун жана өсүмдүк майы менен камсыз болду. Мындан сырткары, 2025-жылы Бабыр айылындагы дамбаны бекемдөө иштерине катышкан тургундарга да колдоо көрсөтүлүп, эмгек акы катары 6 каптан ун, 30 л өсүмдүк майы берилди. Ошондой эле бул программанын алкагында 189 га жерге күздүк дан эгүү пландалып, анын негизинде керектүү иштер аткарылды. Мындан тышкары, айыл өкмөт тарабынан социалдык жактан муктаж жарандарды колдоо максатында 30 га аянтка күздүк буудай инновациялык ыкма менен эгилди.

— Руслан мырза, бүгүнкү күндө айыл өкмөттөрүнө түзүлгөн шарттар кандай?

— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекет тарабынан кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Урматтуу Президентибиз Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан ырааттуу саясаттын негизинде айыл өкмөттөрүнүн ишин жеңилдеткен шарттар бир топ жакшырды. Беш жыл мурунку абал менен салыштыра турган болсок, азыркы мүмкүнчүлүктөр кыйла жогорулап, иш жүргүзүүгө ыңгайлуу болууда. Айыл өкмөттөрү үчүн укуктук, финансылык жана уюштуруучулук негиздер бекемделип, жергиликтүү деңгээлде маселелерди чечүүгө кеңири жол ачылды.

— Жалпысынан айыл өкмөт башчысы болуп иштөө бүгүн оңойбу же кыйынбы?

— Бул, албетте, ар бир жетекчинин иш алып баруусуна түздөн-түз байланыштуу. Эгер мыйзамда каралган мүмкүнчүлүктөрдү туура жана натыйжалуу колдоно билсе, айыл өкмөт башчысы болуп иштөө мурдагыга караганда кыйла жеңилдеди.

Акыркы жылдары мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр менен толуктоолор жергиликтүү бийликке чоң колдоо болду. Мисал катары ирригация тармагын айтсак болот. Буга чейин мыйзам чектөөлөрүнө байланыштуу айыл өкмөттөрү жергиликтүү бюджеттин эсебинен ички ирригация иштерине каражат жумшай албай келген. Ал эми элдин негизги талабы – айдоо жерлерине сууну жеткирүү маселеси дайыма актуалдуу болуп турган.

Тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилип, айыл өкмөттөрүнө ички ирригацияны жакшыртуу, арык-каналдарды тазалоо, бул багытта долбоорлорду иштеп чыгып, инвестиция тартуу мүмкүнчүлүгү берилди. Бул болсо жергиликтүү деңгээлдеги көйгөйлөрдү ыкчам жана натыйжалуу чечүүгө жол ачты. Жалпысынан алганда, бүгүнкү шарттар айыл өкмөт башчыларына чоң жоопкерчилик менен катар эле кеңири мүмкүнчүлүктөрдү да жаратты.

— Айыл өкмөт башчысы болгонго чейин кайсы тармактарда иштеп, бул кызматка кантип келдиңиз?

— Айыл өкмөт башчысы болуп дайындалганга чейин Өзгөн районундагы миңге жакын окуучуну окуткан Полот Жолдошов атындагы №26 мектепте мугалим, социалдык педагог, кийин 5 жылдай директор болуп иштедим. Мектепти жетектеп турган мезгилде каржылык мүмкүнчүлүктөр чектелүү болгондуктан, демөөрчүлөрдү тартуу менен 3 млн сом каражат топтоп, мектептин чатырын, терезелерин алмаштырып, ички жылуулук системасын жаңылоого жетиштик.

Андан соң Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл аймагында айыл өкмөт башчысынын орун басары болуп төрт жыл эмгектендим. Кийин Президентибиз Садыр Жапаров тарабынан жүргүзүлгөн кадр саясатынын жана мыйзамдык реформалардын негизинде айыл өкмөт башчылыгы кызматына конкурс аркылуу катышып, резервге кирип, ошол эле Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эки жыл иштедим.

Административдик-аймактык реформанын алкагында кийин Өзгөн районунун Мырза-Аке айыл аймагына ротация болуп, 2024-жылдан бери Мырза-Аке айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы кызматын аркалап келем.

— Аймакты өнүктүрүү боюнча пландарыңыз кандай?

— Аймакты өнүктүрүү багытында биз айылдык кеңештин депутаттары менен биргеликте 5 жылдык стратегиялык өнүгүү планын бекитип, ошонун негизинде иш алып барып жатабыз. Акыркы эки жыл аралыгында стратегиялык план жана мамлекеттик программалардын алкагында бир катар маанилүү натыйжаларга жетиштик. Тактап айтканда, жергиликтүү бюджеттин кирешесин жогорулатуу, инфраструктураны жакшыртуу жана социалдык маселелерди чечүү багытында олуттуу иштер жасалды. 1970-жылдары түзүлгөн аймактын башкы планын жаңылоого жетиштик. Аймак эли, коомчулук, айылдык кеңештин депутаттары менен бирге аймакка шаар статусун алуунун үстүндө иш алып баруудабыз.

2026-жылдын биринчи кварталына карата пилот катарында ФАОнун CS FOR (токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы) долбоору аркылуу 4 млн сомго жакын инвестиция тартып, 26 га жер аянтына 8 миң түп алма көчөттөрүн, 4 миң түп жаңгак көчөттөрүн отургузуп, тосмолорун тосууга жетиштик.

Кенже Осмоналиева

21-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 150
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X