Өзгөн районунун тургундары митингге чыгышты
Кемпир-Абадды коргоп бул жолу Өзгөн районунун тургундары митингге чыгышты. Алар үч боз үй тигип мөөнөтсүз акция жарыялашып, Өзбекстан менен ушул жылдын март айында Ташкент шаарында түзүлгөн протоколду жокко чыгарууну талап кылып жатышат.
Буга чейин өткөн жумада Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургундары суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди алмашууга каршы чыгып, нааразычылык акциясын өткөрүшкөн. 19-апрель күнү, УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев нааразы болгондор менен жолугуп, чогулган элдин талаптарына угуп, 50 гектар жерди 20га чейин азайтуу максатында Ташкент менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн айткан.