Өзгөндүн Жылалды айылында 275 орундуу жаңы мектеп ачылды

17-февраль, 2026-ж. / Редакция / Билим 48

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Жылалды айылында жаңы мектеп ачылды. Ачылыш аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев катышты.

Маалыматка ылайык, эски мектеп имараты айыл тургундарына 50 жыл кызмат кылып, толук эскирген. Жаңы имаратты курууга республикалык бюджеттен 152 млн сом бөлүнүп, 275 орундуу заманбап мектеп пайдаланууга берилди. Анда окуу кабинеттеринен тышкары китепкана, ашкана, канализация системасы, ысык жана муздак суу, башка зарыл жабдуулар каралган.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө билим сапатын жогорулатуу мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө балдар үчүн бардык шарты бар жаңы мектептер курулуп, ишке берилүүдө. Ал 2025-жылы эле Ош облусунда 16 жаңы мектептин имараты пайдаланууга берилгенин айтты.

Ошондой эле МинКаб башчысы мугалимдерге кайрылып, өлкөнү өнүктүрүүнүн башкы шарты — сапаттуу билим экенин баса белгиледи. Ал быйыл апрель айынан тарта мугалимдердин айлык маянасы көбөйөрүн маалымдады.

17-февраль, 2026-ж. / Редакция / Билим 48
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X