Өзгөндө 3 баллдык жер титирөө катталды
Бүгүн, 25-февралда, таңкы саат 5:07де Ош облусунун Өзгөн районунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.
Маалыматка ылайык, жер силкинүүнүн очогу Кызыл-Тоо айылынан 2 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан. Ошондой эле Кайрат айылынан 4 чакырым түштүк-чыгышта, Заргер айылынан 5 чакырым түштүк-чыгышта, Эркин-Тоо айылынан 6 чакырым түндүк-батышта жана Маяк айылынан 6 чакырым түндүк-чыгышта болгон.
Жер титирөө Өзгөндүн Кайрат, Заргер жана Кызыл-Тоо айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Ал эми Эркин-Тоо жана Маяк айылдарында 2,5 баллга чейин байкалган.